www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагынын “Борбор Азия – Германия” Достук тобунун депутаттары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташтык маселелерин кеңири талкуулашты.

Парламенттер аралык диалог узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганы белгиленип, Бундестагдын Достук тобунун бул багыттагы практикалык салымы жогору бааланды.

Германия Европа Биримдигиндеги Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экени, эки өлкөнүн мамилелери ишенимдүү саясий диалогго жана аймактагы туруктуулук менен өнүгүүгө болгон өз ара кызыкчылыкка негизделери айтылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы экономикалык багыттагы маалымат берип, Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу белгилеп өттү.

Анын айтымында, өкмөт бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди улантууда.

Ошондой эле немис бизнесинин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өсүп жатканы, агроөнөр жай, өндүрүш жана өнөр жай тармактарында бир катар ийгиликтүү кызматташтык мисалдары бар экени белгиленди.

Маданий-гуманитардык чөйрөдө билим берүү жана илимий байланыштардын динамикалуу өнүгүп жатканына тараптар канааттануу билдиришти.

Өз кезегинде герман делегациясынын башчысы Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Ал ошондой эле 2023-жылдагы Кыргызстанга болгон сапарын эске алып, өлкөдөгү акыркы жылдардагы өнүгүү темпи жана өзгөрүүлөр ага терең таасир калтырганын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар талкууланган багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы парламенттер аралык байланышты мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Последние новости