www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Денис Петрашов АКШдагы турнирде алтын утту

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШда өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык турнирде алтын медаль утту.

Кыргызстандык спортчу Индианаполис шаарында (Индиана штаты, АКШ) өтүп жаткан «TYR Pro Series» турниринин кезектеги этабына катышты.

Брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүүгө 46 спортчу катталган.

Алдын ала сүзүүдө Петрашов алтынчы жыйынтыкты (2 мүнөт 13,67 секунд) көрсөтүп, финалга чыкты.

Чечүүчү жарышта кыргызстандык спортчу алгачкы 50 метрден кийин экинчи болуп бараткан. 100 метр белгисинде алдыга озуп чыгып, 150 метр белгисинде атаандаштарынан ажырымы бир секунддан ашык болгон.

Петрашов 2 мүнөт 9,16 секунд жыйынтыгы менен маарага биринчи болуп келип, алтын медалга ээ болду.

Последние новости