www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен быйыл эмгек акыларды жогорулатуу процесси башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда айлыктарды жогорулатуу социалдык тармактын кызматкерлерин камтыды, ал эми күзүндө калган мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары көбөйтүлөт. Айыл чарба министрлигиндеги кызматкерлердин эң көп бөлүгүн Суу ресурстары кызматынын адистери түзөт.

"Бул жылы сиздердин да маянаңыздар жогорулайт. 1-апрелден тарта техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 5 миң сом өлчөмүндө ай сайын берилүүчү кошумча төлөм белгиленди. Ал эми 1-сентябрдан тарта негизги кызматкерлердин эмгек акысы 15 миң сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, иштин татаалдыгы үчүн берилүүчү үстөк акы 25%дан 50%га чейин өсөт", — деп билдирди Касымалиев.

Последние новости