www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ката кетирген жетекчини жоопко тартпоо сунушталууда

Кыргызстанда аткаруу бийлигиндеги жетекчилерди чечим кабыл алууда кетирген катачылыктары үчүн кылмыш жообуна тартпоо тууралуу норма сунуш кылынууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. 

Маалыматына караганда, Юстиция министрлиги Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Долбоор коомдук талкууга 4-марттан баштап коюлду.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда “Аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери жана орун басарлары аларга жетектөө үчүн ишенип берилген мамлекеттик органдын ишин уюштурганы, жүктөлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыргандыгы, чечими же кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды аткаргандыгы үчүн жоопко тартылбайт” деп жазылды, бирок мындай норма пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктан улам жасалган жосундарга тийиштүү болбой турганы белгиленди.

Долбоордун негиздемесинде жазылгандай, бул норма жетекчилерди жана алардын орун басарларын коргоо механизмин түзүүгө багытталууда.

Ошондой эле министрликтин негиздемесинде өлкө президенттик башкарууга расмий өткөндөн кийин мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы Кыргызстанды куруу багыттарын аныктаганы жана бул милдеттерди ишке ашыруу үчүн масштабдуу реформа жүргүзүү зарылчылыгы келип чыкканы белгиленди.

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда референдум өтүп, жаңы Конституция кабыл алынган. Жүргүзүлгөн конституциялык реформанын натыйжасында аткаруу бийлигин жетектөө укугун президент алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости