www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым кыргызстандыктар чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынан акча чогултуп, ага ээлик кылууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, элчиликтин негизги аракети Кыргызстандык жарандарды жана алардын үй-бүлөлөрүн коопсуз жакка чыгарып кетүүгө, андан ары мекенге эвакуациялоого багытталууда.

«Кызматкерлер кызматтык татаал шарттарда, күнү-түнү жана дем алышсыз иштеп жатышат. Муну менен катар өлкөдө аскердик абалга байланыштуу коомдук транспорттун жана куйүүчү-майлоочу майдын жетишсиздиги байкалууда, айрым аймактарда насыя-каржы мекемелери иштебей турат.

Ушудай шартта элчиликтин кызматкерлери коюлган тапшырмаларды тез арада чечүү максатында айрым учурларда өздөрүнүн өмүрүн тобокелдикке салышып, каржылык маселелерди жеке эсебинен чечишип, стандарттуу эмес ыкмаларга барышууда», - деп жазган ал.

Бирок, «айрым ишмерлер» абалдан пайдаланып, жардам үчүн акча каражатын чогултууну уюштуруп, «жеңил акча» табуунун айласын кылып жатканы боюнча фактылар бар. Ошондой эле популизм үчүн жалган маалымат тараткан «мекенчилдер» биздин ишибизге кедергисин тийгизишүүдө», - деп жазган ал.

Ошондой эле дипломат «колу таза эмес» мекендештер тобу мурда чет өлкөдөгү кыргыз диаспорасынан акча чогултуп, ага ээлик кылууга аракет кылганын белгиледи.

«Буга байланыштуу, расмий түрдө эскертип коеюн, жеке адамдардын жалданма ниети биз тараптан кылдаттык менен көзөмөлдөнүп турат жана ошентсе да мыйзамды бузгандар ага толук жооп беришет!

Украинадагы Кыргызстандын муктаж жарандарына акчалай жана башка жардам көрсөтүүнү каалаган адамдарга КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин кызматкерлери же шылуундардын курмандыгы болуп калбоо үчүн тиешелүү өлкөлөрдөгү биздин элчиликтер менен макулдашылгандан кийин түз өткөрүп берүүнү сунуштайм», - деп жазган Кадыркулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости