www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Орусиянын Коргоо министрликтери Украинада тыгылып калган жүк ташуучуларды кайтаруу боюнча иштерди баштады, деп билдирет Дуня маалымат агенттиги.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан менен Орусиянын Коргоо министрликтери Украинада тыгылып калган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын Орусиянын чек арасынан өтүшүн камсыздоо боюнча иштерди баштады.

Учурда Орусия тараптын колдоосу менен Өзбекстандан өлкөгө 12 жүк ташуучу кирди. Алардын ичинен сегиз унаа Украинанын Сумы облусунда, үч унаа Харьков облусунда жана дагы бир унаа Орусия менен Украинанын чек арасынан өткөн «Нехотеевка» бейтарап аймак көзөмөл өткөрүү пунктунда болгон.

Белгилей кетсек, Өзбекстан Республикасынын консулдук департаментинин колл-борбору эл аралык автомобиль өткөрүү пункттары аркылуу Украинанын аймагынан Орусияга чыга албаган автоунаалар менен жүк ташыган Өзбекстандын жарандарынан арыздарды кабыл алууну улантууда.

Келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Украина-Орус мамлекеттер аралык чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунан транспорт каражаттарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен тизмелер түзүлөт. Ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги менен бул маселелер боюнча иштер жүрүп жатат.

Өзбекстандын беш жараны төрт жүк ташуучу унаа менен Украинанын аймагында тыгылып калды. Абал турукташып, коопсуз өтүү камсыз кылынса, алар Орусия менен чек арага келээри күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости