www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын ички иштердин мамлекеттик министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүүундө тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда мурда кол коюлган документтердин аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Мындан тышкары, эмгек мигранттарынын жүрүү шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде катар тарап компетенттүү органдардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн байланыштарды улантууну макулдашты.

Последние новости