www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Операцияга бейтаптарды тандоо 20-сентябрга чейин жүрөт.

 Катардан келген дарыгерлер Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кохлеардык имплантация боюнча акысыз операция жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Билдирмеге ылайык, бейтаптарды тандоо 20-сентябрга чейин жүрөт.

"Катардан келген отохирургдардын тобу операцияларды 24-октябрдан тартып жасай башташат. Операцияга эки кулагы тең укпаган, кулактын ички бөлүгүнүн жабыркашынан улам эки кулагы тең укпай калган жана кулагы угуп төрөлүп, кийинчерээк укпай калган беш жашка чейинки балдар кабыл алынат. Операция алдында балдар комплекстүү текшерүүдөн, медициналык комиссиядан өтүшү керек", — деп айтылат маалыматта.

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости