www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу шамалдын кесепетинен жабыркап Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө 2 адам түштү. Бул тууралуу мекеменин башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында ооруканага 3 адам кайрылган. Алардын бирөө амбулатордук дарылануу үчүн үйүнө жиберилген. Сокулук районунан келип түшкөн эркек кишинин сөөктөрү сынган. Шаардык 36 жаштагы келиндин бели сынган. Анын абалы орточо оор экени айтылды.

Буга чейин Бишкектеги тез жардам борборуна эки адам кайрылып, үстүнө чатыр түшкөн 14 жаштагы бала ооруканага жаткырылганы айтылган. Ал эми унаасына дарак кулаган 41 жаштагы аял Улуттук госпиталга жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости