www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катуу жааган жаандан улам Таласта короолорду суу каптады

Талас шаарында 22-апрелде кечке жуук мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен үйлөрдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.

Он турак жайдын короо-сарайларына, үч турак жайдын жертөлөсүнө, үч көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерине суу кирген. Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектептин айланасын суу каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигининин ыкчам тобу, Талас шаардык куткаруу кызматынан автоунаа жана төрт куткаруучу тартылып, суу сордурулган. Материалдык чыгым болбогону кабарланды.

Кыргызгидромет борбору 25-апрелге чейин өлкодө туруксуз аба ырайы болорун эскертүүдө.

Последние новости