www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 10-12-майда катуу жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле арыктарды таштандылардан тазалап, жээктерин бекемдөөнү сунуштайт.

Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости