www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элибизде жыгылган күрөшкө тойбойт деген жакшы макал бар. Мааниси жеңилгенин, каталыгын, кемчилигин мойнуна алгысы келбей, кайра башынан кетмендин башын тебелей бергенден тажабаган, өзүнүн күчүн, деңгээлин билбеген, напсисин тыя албагандарга карата айтылган. 

Кудум Турсунбай Бакир уулу сыяктуулардын кулактарына күмүш сырга кылып илгери эле ташка тамга баскандай айтып коюшуптур. Тилекке каршы, сабак албагандарга айла жок тура. Сууну сиңген жерге төк, сөздү уккан кишиге айт дегендей кеп. 

Мына учурда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан 10-сентябрда Жогорку Кеңештин депутатыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнү жатат. Буга чейин дал ушул округдан шайлоого катышып, бир ууч адамдын добушун алган Турсунбай Бакир уулу кайрадан талапкерлигин койду.

Өткөндө эле добуш алалбай уят болдум эле, шерменде болуп кайра койбой эле коёюн дебегени кызык. Деги эле, шайлоо болгон сайын "эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт" болуп, талапкер болгондон чарчабаган Турсунбай Бакир уулунун мансап, катын дегенде напсисине ээ боло албаган жайы бар окшойт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости