www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эквадордо улгайган аялды акыркы сапарга узатуу зыйнатында кайра тирилип кеткен. Бул тууралуу El Universo гезити билдирет. 

"Жума күнү Мартин ооруканасынын (Бабаойо шаары) дарыгери каза болуп калган Белланын сөөгүн жакындарына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Белла бир нече саат табытта жаткан. Сөөктү жерге берүү үчүн табыттын үстүн ачышканда аялдын тирүү экенин уулу жана жакындары байкап калышкан. 

Дарыгерлер азырынча окуя боюнча түшүндүрмө берише элек. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, Белла каталепсия (бир нече күнгө созулушу мүмкүн болгон кыймылсыз абал) абалына кабылган болушу мүмкүн. 

Учурда аял ооруканада. Туугандары оорукананын үстүнөн арыз жазып, сотко кайрылууну ойлонуп жатканы айтылат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости