www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2025-жылдын 30-декабрында, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү бөлүнгөн жерди тазалап бүтүп, жумуш убактысы аяктагандан кийин саат 8:00-8:30 чамасында үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кетишкен.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев окуя болгон жерге дароо барды.

Мэр бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле болгон кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө  «Тазалык» ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган кырдаал Бишкек шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө.

 

Последние новости