www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтылуу “Айтыш” фондусунун төрагасы, экс-депутат Садык Шердин көптөн бери көңүлүнө түйүп, ичинде сактап жүргөн ызасы бар экен. Ал Фейсбукта кеп айтты, айтканда да, “Эгер берген тыйыныңыз көп болуп көрүнсө эсебиңизди салып жиберсеңиз болот. Айтыш фондунан которуп коем, эки эсе кылып. Бүтпөгөн тешигиңиз болсо жаап алыңыз. Тек гана кыргыздын ар-намысы акча менен гана чектелбесин билип жүрсөңүз болгону” – деп бек айтыптыр.
Кеп, кыргызга жүрөгү агарбаган казак акыны Эрман Жүрсүндүн айткандарына карата жооп болгон. Тагыраагы, Казакстанда өткөн акындардын айтышына, кыргыз акындарынан бир гана Жеңишбек Жумакадыр жалгыз чакырылып, бирок, ал жарым финалга дагы чыккан эмес. Мында айрым казак маданий элитасынын улутчулдук сезими күчтүүлүк кылып кеткендиги кыйытылат.
Жеңишбек акындын өзү аны “Айтыш” фондунун жетекчисинен бөлөк эч кимге айта элек. Ал эми Садык Шер-Нияз анын айткандарын келтиргендерине караганда, Эрман Жүрсүн байге берип жатып, “300 миң теңге бул кыргыздар үчүн чоң акча” - деп сүйлөгөн.
Эске сала кетсек, казактын ичи тар айрым маданий элитасы кыргыздарга кырын салып келген учурлары көп. Анткен менен акылга салып, аңдаган Мухтар Шаханов өңдүү алптар деле бар. Андыктан Эрман Жүрсүн сыяктуу улутчул маданият кызматкерлеринин тизгини тартылып калаар. Кыргыз-казак илгертен бир боор эл делет эмеспи.
Булак: NazarNews.kg