www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Каржы министрлиги баа эки-үч айда арзандай турганын күтүп жатат. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги билдирди.

«Баа төмөндөйт деп күтүп жатабыз, себеби негизи доллардын курсу көтөрүлгөндө импорттолгон товарлардын да баасы кымбаттайт. Буга байланыштуу импорттолгон товарлардын наркы акырындык менен арзандайт. Экономика боюнча жалпысынан инфляция акырындык менен төмөндөйт. Азыр эң жогорку айлар, инфляция 20% түзүүдө. Эки-үч айда төмөндөйт деп ойлойм», — деди каржы министри Ерулан Жамаубаев.

Анын айтымында, такталган бюджетте инфляциянын деңгээли 7,5–9,5 чегинде көрсөтүлгөн.

Буга чейин Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин казакстандыктар февраль-март айларында баанын арзандаганын сезе баштаарын билдирген. Ал элге азык-түлүк жеткиликтүү экенин, дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун түшүндүрүүгө чакырган.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Казакстанда инфляция 20,3 пайызды түздү. Бир жылда азык-түлүк 25,3 пайызга кымбаттады.


Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости