www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына жана Казакстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Афганистандагы кыйратуучу жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү, деп билдирет NUR.KZ сайты Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып.
ӨКМден маалымдагандай, мамлекеттик материалдык резервден керектүү дары-дармектер, медициналык шаймандар, төшөк-жай буюмдары, чатырлар жана башка алгачкы зарыл керектөөлөр бөлүнүп берилди.
Ошондой эле, Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жабыркагандарга квалификациялуу жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлердин тобу түзүлүп, Афганистанга жөнөтүлдү.
Гуманитардык жүктүн курамына жалпы салмагы 18 тонна болгон 34 аталыштагы товар кирет. Жүк Казакстан Коргоо министрлигинин учагы менен жеткирилүүдө жана бүгүн эле афган тарапка өткөрүлүп берилет.
Гуманитардык жардамды жүктөө жана түшүрүү иштерине ӨКМдин аскери бөлүктөрүнүн кызматкерлери жана аскерлери катышып, жүктү өз убагында даярдоо жана жөнөтүүнү камсыз кылышты