www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жума күнү Казакстандын Тышкы соода саясаты боюнча ведомство аралык комиссиясы Казакстанга буудай жеткирүүгө тыюу салууну дагы жарым жылга узартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу “Власть” басылмасы Соода жана интеграция министрлигине шилтеме кылуу менен билдирди.

Мекеме өз чечимин Казакстанга буудайды ташып келүүдө жана аны Орусиянын чек ара аймактарынан автотранспорт аркылуу реэкспорттоодо "көмүскө схемаларды" алып салуу ниети менен түшүндүрүүдө.

Буга чейин Казакстан парламентинин сенатында Орусиядан Казакстанга буудай “жалган документтер” менен мыйзамсыз ташылып жатканы айтылган. Казакстандык депутаттар орус данын Казакстандыкы катары экспорттоо менен ишкерлер кошумча нарк салыгы боюнча жеңилдиктерди колдонуп жатканын билдиришкен. Эл өкүлдөрү бул схеманын айтынан мамлекетке болжол менен 600 миллион теңгеден ашык зыян келтирилгенин белгилешкен.

Казакстанда 10-октябрга чейин буудайды автоунаа менен ташууга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости