www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан 15-апрелден 15-июнга чейин буудай жана ун экпорттоого чектөө киргизди. Бул тууралуу онлайн брифингде айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаров билдиргенин Tengrinews.kz жазды.

Сапаровдун айтымында, мындай чара ички базарда ун азыктарына таңкыстыкты болтурбоо үчүн кабыл алынды. Ал учурда мамлекетте 118 миң тонна ун бар экенин билдирди.

Марттын орто ченинде Орусия буудайды Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге экспорттого чектөө киргизген. Мындан улам ун азыктарына болгон баа кескин көтөрүлүп кеткен.

Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги буга чейин ун жана буудайга болгон чектөө ички базарга кедергисин тийгизбестигин айткан. Анткен менен өзбек бийлиги кошуна Казакстандан 100 миң тонна буудай сатып алууну чечкен.

Последние новости