www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаев 2022-жылдагы январь окуяларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. 

Ал кечээ, 29-апрелде, 2022-жылдын январь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган.

"Мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу аркылуу жасаган аракеттери (Кылмыш кодексинин 4-бөлүгү, 362 беренеси) оор кесепеттерге алып келген. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 128-беренесине ылайык кармалды", — деп жазылат маалыматта.

Башкы прокуратура белгилегендей, кылмыш ишинде мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар бар жана сотко чейинки тергөөнүн маалыматтары Казакстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 47 жана 201-беренелерине ылайык, ачыкталбайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости