www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын аймагында бүгүн, 14-январга караган суткада дагы 10 418 адам коронавирус менен катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Бул коронавирус башталгандан берки Казакстанда катталган эң жогорку көрсөткүч. Буга чейин өлкөдө бир суткада коронавирус жуктургандардын саны боюнча антирекорд кече катталып, анда 9122 адамдан илдет аныкталганы айтылган.

Жаңы катталган бейтаптардын саны боюнча алдыдагы аймактар:

- Нур-Султан шаарында — 5548,

- Алматы облусунда — 1115,

- Караганда облусунда — 820 адам катталган.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 1 025 004 адамга коронавирус жукту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости