www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Дин иштери башкармалыгы мусулмандарга криптовалюта колдонууга тыюу салды.

Муфтият бул чечимдин үч себеби бар экенин билдирди. Биринчиден, шарият боюнча бардык акча мамлекет тарабынан чыгарылып, анын коргоосунда болууга тийиш.

«Биткоин улуттук валюта эмес. Бул бейортом виртуалдуу акча, мамлекеттик органдар тарабынан кепилдик берилген эмес, каржы мыйзамдары аркылуу корголгон эмес. Ал бир учурда өсүп же төмөн түшүп кетиши мүмкүн. Мындан калк зыянга учурайт», деп айтылат билдирүүдө.

Экинчи себебин муфтият биткоин-жараяны көп учурда жабык өтөрү, алдамчылыкка жол ачылары, бул шариятта тыюу салынганы менен түшүндүрдү. Үчүнчүдөн, биткоин валюта же товар катары көзөмөлгө алынбайт, бул ички экономикага, коомго тескери таасирин тийгишиши мүмкүн.

Кембридж университетинин маалыматына караганда, Казакстан биткоин майнинг көлөмү боюнча экинчи орунга чыккан, үлүшү – 18,1 пайыз. Биринчи орунда 35,4 пайыз үлүшү менен АКШ турат. Казакстанда майнингдин өнүгүшүнө арза электр энергиясы менен салыктын төмөндүгү себеп болгон. Казакстан бийлиги 2022-жылдын январь айынан тартып майнерлер үчүн электр энергиясынын тарифин 1 тенгеге көтөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости