www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-декабрдан тарта Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталган өлкөлөр менен аба байланышын токтотот. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Мындан сырткары, Казакстандын бийлиги айрым өлкөлөрдүн жарандарына кирүүгө чектөө киргизе турганы айтылып, саламаттык сактоо вице-министри Марат Шоранов аларды санап берген.

"Ботсвана, Лесото, Зимбабве, Мозамбик, Мадагаскар, Эсватини, Танзания жана Гонконг мамлекеттеринин жарандарына кирүүгө чектөө коюлат. Коронавирустун жаңы "омикрон" штаммы катталгандыктан аны өлкө аймагына киргизбөө максатында 3-декабрдан тарта бийлик чектөө чараларын көрөт ", — деди ал.

3-декабрдан баштап Казакстан коронавирустун жаңы штаммы аныкталган (Израиль, Чехия, Нидерланддар, Улуу Британия, Италия, Германия, Австралия, Канада) мамлекеттеринен келген жарандардан эмделгенине карабай сөзсүз ПЦР-тест талап кылары айтылды. Мындан сырткары, "омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдөн келгендер ПЦР-тесттин жыйынтыгына карабай жети күн изоляцияда жатышы керек.

Казакстан Египет менен да аба байланышын токтоткону кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости