www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Орусия жана Беларустан импорттолгон автоунаалар үчүн кайра иштетүү акысын 40 эсеге чейин көбөйтүшү мүмкүн. Тийиштүү өзгөртүүлөр Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин буйругунун долбоору катары коомдук талкууга чыгарылды. Бул чара ЕАЭБ алкагында казакстандык автоунаалар үчүн базарга кирүү шарттарын теңдөө максатын көздөй турганы айтылды.
Жогорку абал ЕАЭБ ичиндеги соода мамилелеринде чыңалууну күчөтүшү мүмкүн экени айтылууда.
Эске салсак, өткөн жылы Орусиянын бажы кызматтары 2024-2025-жылдары Казакстанда чогултулуп, РФга киргизилген Skoda, Kia, Hyundai сыяктуу унаалар үчүн кайра иштетип чыгарууга кошумча төлөм төлөөнү талап кыла баштаган. Алар бул унааларды “реэкспорт” деп эсептеген.
Натыйжада айдоочулар орточо 1-1,5 млн рубль кошумча төлөөгө мажбур болгон. Ал эми унаалардын өзү 3-4 млн рубль турары айтылган.