www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан суюлтулган газды автотранспорт жана темир жол аркылуу ташууга киргизилген тыюуну алты айга узартты. Бул тууралуу буйрукка өлкөнүн энергетика министри кол койгонун жеригиликтүү басылмалар кабарлашты.

«2023-жылдын 14-ноябрынан тартып алты айлык мөөнөткө Казакстандан суюлтулган мунай газын, пропан жана бутанды автотранспорт жана темир жол менен ташып чыгууга тыюу салынды», — деп айтылат маалыматта.

Мурдараак өлкөнүн энергетика министри Алмасадам Саткалиев Казакстанда суюлтулган газдын таңсыктыгы олутуу жана бул маселе жакынкы аралыкта чечилбей турганын айткан.

Ал тогуз айдын ичинде эле өлкөдө газга болгон суроо-талап 25 пайызга жогорулаганын, эгер бул тенденция улана берсе жана чара колдонулбаса, анда газ тартыштыгы күчөй турганын эскерткен.

Буга чейин Казакстандан суюлтулган мунай газын, пропан жана бутанды экспорттоого үч жылга тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости