www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Казакстан Темир жолу” мурдагы президенттин кенже кызы Алия Назарбаевага тиешелүү билет саткан компания менен келишимди бузду.

Компания башкармалыгынын төрага орун басары Ануар Ахметжановдун айтымында, 2023-жылдын 1-декабрынан бери билет сатуу менен "Мобильный портал" алектенүүдө.

"1-декабрдан тарта [Алия Назарбаеванын] компаниясы менен келишим бузулуп, "Мобилдик портал" ЖЧКсы иштеп жатат. Компания конкурстук негизде тандалып алынган. Алар билеттерди электрондук түрдө сатуу кызматын көрсөтүшөт", — деди Ахметжанов.

Анын айтымында, "Казакстан Темир жолу" жаңы компанияга ар бир сатылган билет үчүн 29 теңгеден төлөйт.

Instant Payments 2011-жылы негизделген. Расмий маалыматта негиздөөчүсү жана жетекчиси Диас Мадигожин деп көрсөтүлгөн. Компания Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева менен байланышта. ЖМКлар Алия Назарбаева мурда компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгонун жазышууда.

КТЖ менен Instant Payments ортосундагы келишим 2014-жылы түзүлгөн.

Январь окуясынан кийин коомчулукта мурдагы президент Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү тууралуу көп айтылууда. Мурда президент Касым-Жомарт Токаев Алия Назарбаева менен байланышы бар “Оператор РОП” компаниясынын иши токтотуп, таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүүнү мамлекеттик мекемеге өткөрүп берүүгө тапшырма берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости