www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Украинанын чыгышындагы өзүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" деп жарыялап алган жикчил аймактарга ЖККУ күчтөрүнүн аскерлерин жөнөтүү мүмкүн эмес экенин айтты.

Министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Жок, бул мүмкүн эмес, себеби ЖККУнун уставы аскер жана тынчтык орнотуучу күчтөрдү колдонууну катуу чектейт. Алар ЖККУнун аймагында (Орусия, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Беларус жана Тажикстан) гана пайдаланылат", - деди.

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась буга чейин уюмдун контингентин Донбасска жайгаштыруу "болжолдуу түрдө мүмкүн" экенин айткан.

Казакстандын тышкы иштер министри өткөн аптада Орусия менен аскердик кызматташуу жөнүндө парламент ратификациялаган мыйзам долбоору боюнча да комментарий берди:

"Бул келишим аскердик-техникалык кызматташууну гана өзүнө камтыйт. Биринчи кезекте бул аскердик техника сатып алуу, биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү".

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин өздөрүн "Донецк Элдик Республикасы" жана "Луганск Элдик Республикасы" деп атап алган эки жикчил аймакты көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, атайын жарлыкка кол койгон. Бул аймактарды ушул тапта Орусиядан башка өлкөлөр Украинаныкы деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости