www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан менен Түркия түрк өндүрүшүндөгү ANKA сокку уруучу учкучсуз учактарын биргелешип чыгаруу боюнча келишимге кол коюшту. Долбоордун алкагында дрондорду өндүрүү Казакстандын аймагында жолго коюлат.
Расмий Астана бул кадамды өлкөнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган долбоор катары бааласа, айрым эксперттер аны Казакстандын аскердик саясатындагы жаңы багыт катары сыпатташууда. Алардын пикиринде, НАТОго мүчө болгон Түркия менен аскердик кызматташтыктын кеңейиши Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) алкагындагы өнөктөштөрдүн тынчсыздануусун жаратышы мүмкүн.
Ошол эле учурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттер уюму аскердик альянс эмес экенин белгилеп, уюм экономикалык, технологиялык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталганын айтты.
Мындан тышкары, Казакстан НАТО стандарттарына ылайык артиллериялык ок-дарыларды чыгаруу боюнча ASPAN долбоорун да ишке ашырууну пландап жатат. Анын алкагында төрт завод курулуп, биринчи ишкана 2027-жылы ишке кирери күтүлүүдө.