www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“КазакГаз” улуттук компаниясы менен “Түркмөнгаз” Казакстанга жаратылыш газын импорттоо жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Түркмөнстан бизнеси” басылмасы Казакстан президентинин маалымат кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
15-октябрда Астанада Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов менен сүйлөшкөндөн кийин басма сөз конференциясында эки коңшу мамлекет газ тармагында кызматташуунун келечегин талкуулашканын айткан.
Казак лидери Казакстан менен Түркмөнстан компаниялары кол койгон келишим жөнүндө айтып жатып, түркмөн кесиптешине долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген.
“Биз узак мөөнөттү келишим түзүп, газ импортунун көлөмүн жылына бир жарым миллиард кубометрге жеткирүүгө даярбыз”, - деген Касым-Жомарт Токаев.
Президент Токаев Казакстан Түркмөнстандын ири энергетикалык демилгелерин ишке ашырууну, муну менен бирге кайра иштетүү жана мунай газ химиясы тармагында өз ара пайдалуу долбоорду өнүктүрүүнү жана тажырыйба алмашууну каалай турганын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg