www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министрлиги айрым жарандардын жеке маалыматтарынын Интернетке "тарап кеткени" боюнча билдирүүлөргө байланыштуу текшерүү башталганын кабарлады.

"Жеке маалыматтардын тарап кеткени тууралуу Интернеттеги билдирүүлөргө байланыштуу министрлик Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте алынган материалдарга анализ жүргүзүп жатканын кабарлайбыз. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү уюмдарда "Жеке маалыматтар жана аларды коргоо жөнүндө", "Маалыматтык коопсуздук жөнүндө" мыйзамдардын талаптары аткарылган-аткарылбаганы боюнча плансыз текшерүүлөр жүргүзүлөт", – деп жазды Digital Ministry телеграм-каналы.

Билдирүүдө текшериле турган уюмдардын аталыштары жазылган эмес.

Министрлик казакстандыктарга сыр сөздөрдү коопсуз пайдалануу жана белгисиз тараптардан келген билдирүүлөрдөгү шилтемелерди баспоо боюнча бир катар кеңештерди берди.

Ушул күндөрү IT-технологиялар жана компьютердик коопсуздук темаларына арналган Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар сайттар GitHub порталына анонимдүү түрдө маалыматтар жарыяланып жатканын кабарлоодо. Азырынча бул билдирүүлөрдүн чын-төгүнү так белгисиз. Ага ылайык, жарыяланып жаткан кытай тилиндеги документтер дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндөгү телекоммуникациялык компанияларды, социалдык түйүндөрдү бутага алган кытайлык маалыматтык коопсуздук тармагындагы шпиондук программа жөнүндөгү маалыматтарды камтыйт.

Мындан тышкары анда бир катар казакстандык уюлдук операторлордун да купуя маалыматтары бар экени кабарланууда. Ошондой эле ыктымал аңдуудагы объектилердин тизмесинде чет мамлекеттердеги, анын ичинде Кытайга коңшулаш жайгашкан өлкөлөрдөгү мамлекеттик мекемелер да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости