www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Равшан Сабировдун ишин кайра кароого жөнөттү

Жогорку сот Равшан Сабировдун ишин кайра кароого жөнөттү.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүгүралиева билдирди. Ага ылайык, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун адвокаты прокурорлордун кортундусуна ылайык жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти апелляциялык кароого жөнөтүү тууралуу 20-апрелде арыз жазган. Мындан улам Жогорку сот Сабировго карата чыгарылган буга чейинки сот өкүмдөрүн жокко чыгарды.

Равшан Сабиров 2011-жылдын аягында социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган. Жарым жылдан кийин, 2012-жылдын июль айында "пара талап кылган" деген айып менен камалган.

Бишкек шаардык соту 2013-жылы мартта экс-министрди күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга эркинен ажыраткан. Жогорку сот бул өкүмдү күчүндө калтырган. Сабиров 2014-жылы амнистия менен абактан чыккан.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин Сабиров вице-премьер-министр болуп дайындалып, 2021-жылдын февраль айына чейин иштеген. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости