www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда аялын өлтүрүүгө айыпталган мурдагы министр баардык айыптар боюнча күнөөсүн четке какты.

Куандык Бишимбаевдин соту 11-мартта башталды. Прокурор белгилегендей, мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаган. 31 жаштагы Салтанат Нукенова алган жарааттарынан эсине келбей көз жумган.

Бишимбаевдин күнөөлөрү далилденсе, 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Анын адвокаттары соттон тагылган айыптарды “кокустан өлтүрүп алууга” өзгөртүүнү өтүнүштү. Соттук жараянга 80дей журналист видеобайланыш аркылуу көз салып турду.

Былтыр 30-ноябрда Куандык Бишимбаевге ачылган кылмыш иши “адам өлтүрүү” беренесинен “өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүрүү” беренесине өзгөртүлгөн.

Бишимбаев менен кошо окуя болгон Астанадагы Гастроборбордун директору да камалган. Ал дагы кылмышты жашырууга көмөктөшкөн деп шек саналууда.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулган.

Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акция башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости