www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Январь айындагы башаламандыкта каза болгон казакстандыктардын кредиттерин кечүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо департаментинин директору Александр Терентьевге таянып жазды.

Анын айтымында, банктар аскер кызматкерлеринин да, жөнөкөй жарандардын да насыясын жоёт. Бирок мындай жеңилдик башаламандыкка катышкан маркум үчүн каралган эмес.

"Эгер маркум укук коргоо органдары, сот тарабынан башаламандыкка күнөөлүү деп табылса, карызы кечирилбейт. Учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ызы-чууга катыштыгы жок жарандардын тизмесин түзүп жатабыз", — деди Терентьев.

Мындан сырткары, башаламандыкта жаракат алган адамдардын кредитин төлөө мөөнөтүн узартуу каралууда. Ага ылайык, жабыркаган юридикалык жана жеке тараптардын баарына өзгөчө абал режими киргизилген күндөн тартып үч айга төлөө мөөнөтү узартылат.

Белгилей кетсек, январь айынын башындагы Казакстанда болгон башаламандыкта 225 адам каза тапкан, анын 19у күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Бул расмий жарыяланган алдын ала маалымат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости