www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Атырау облусундагы сот Жангелдин айылында бир үй-бүлөнүн төрт мүчөсүнүн өлүмүнө айыпталган Султан Сарсемалиевди өмүр бою эркинен ажыратты.
Тергөө маалыматына ылайык, ал адегенде чыр-чатактын жүрүшүндө кайын агасын өлтүргөн. Андан соң кылмышын жашыруу максатында кайнене-кайнатасын да өлтүргөн. Кийин дайынсыз жоголгон жакындарын издей баштаган балдызын да өлтүргөнү айтылат.
Тергөө Сарсемалиев кылмыштан кийин маркумдардын уюлдук телефондорун жана банк эсептерин пайдаланып, алардын мүлкүн тескегенин аныктаган. Мындан тышкары, сот аны алдамчылыкка, уурулукка жана мал уурдоого да күнөөлүү деп тапты.
Акыркы сөзүндө Сарсемалиев коюлган айыптар боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өмүр бою эркинен ажыратуунун ордуна 25 жылдык жаза берүүнү суранган. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.
Ал жазасын өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемесинде өтөйт. Ошондой эле сот аны маркумдардын жакындарына моралдык зыян үчүн 40 миллион теңге өлчөмүндө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.
Сарсемалиев жана анын жарандык никедеги жубайы 24-февралда Индонезияда кармалып, кийин Казакстанга экстрадицияланган.
Ал эми анын жарандык никедеги жубайы Мукангалиевага карата «өзгөчө оор кылмышты жашырган» деген берене боюнча козголгон иш токтотулган. Тергөө анын кылмышка катышы бар экенин тастыктаган жетиштүү далилдер табылбаганын билдирген.