www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы "Асар" кайрылмандар коомдук бирикмеси көрсөткөн Хайрулла Габжалиловду, Казакстан куруучулар биримдиги көрсөткөн Талгат Ергалиевди жана "Пратикалык психология" коомдук бирикмеси көрсөткөн Фатима Бизакованы президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты.

БШКнын билдиргенине караганда, алардын талапкерлиги мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербейт.

Маалыматка ылайык, Габжалиловдун мамлекеттик кызматта тиешелүү иш тажрыйбасы жок. Мыйзам боюнча президенттикке талапкер мамкызматта беш жылдан кем эмес иштөөсү керек. Комиссия ушундай эле себеп менен Фатима Бизакова менен Талгат Ергалиевдин талапкерлигин да кабыл алган жок.

Ергалиевди көрсөткөн Казакстан куруучуларынын биримдиги Юстиция министрлигинен коммерциялык уюм катары каттоодон өткөн. Мыйзам боюнча талапкерлерди республикалык коомдук бирикмелер гана көрсөтө алат.

Күн мурун комиссия азыркы президент Касым-Жомарт Токаевди талапкер катары каттаган. Анын өкүлдөрү өлкөнүн бардык 20 аймагынан 400 миң кол чогултушкан.

Талапкерлерди каттоо 21-октябрга чейин жүрөт. Эксперттер шайлоонун жыйынтыгы чечилгенин айтышууда.

Талапкерлерди көрсөтүү 11-октябрда аяктаган. БШК бардыгы болуп 12 кишинин документин кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости