www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан мажилисинин депутаттары букмекердик кеңселерди жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алышты.

«Оюн-зоок бизнеси жөнүндө» мыйзам букмекердик кеңселердин жана тотализаторлордун жарнактарын имараттардын, курулуштардын жана транспорт каражаттарынын сыртына жайгаштырууга, ошондой эле аларды массалык маалымат каражаттарында, кино, видеодо жарнамалоого толугу менен тыюу салат.

Бирок букмекердик кеңселер менен тотализаторлор жайгашкан жерде, спорттук жайлардын ичинде, спортчулардын шаймандарында, спорттук телерадиоканалдарда, ошондой эле спорттук иш-чараларды чагылдырууга адистешкен интернет-ресурстарда жарнамага уруксат берилет.

Ошол эле учурда жергиликтүү телеканалдар эл аралык спорттук мелдештердин түз эфиринде букмекердик кеңселерди жана тотализаторлорду жарнамалай алат.

Түзөтүүлөрдө буга кошумча уюлдук операторлорго электрондук казино, онлайн казино, ошондой эле кумар оюндары жана букмекердик оюндар үчүн жарнамаларды камтыган SMS билдирүүлөрдү калктын абоненттик түзүлүштөрүнө жөнөтүүгө тыюу салуу каралган.

Парламент онлайн казинолордун ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн кылмыш жоопкерчилигин да киргизди. Кумар оюндарына көз карандылыкка каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын алкагында электрондук жана онлайн казинолордун ишин уюштурган юридикалык жактар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Жаза катары эки миң айлык эсептик көрсөткүчкө чейин (7 миллион 384 миң теңге) айып салуу, же 600 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө, же эркинен ажыратуу сыяктуу чараларды колдонуу сунушталууда.

Эми букмекердик кеңселер өздөрүнүн аппараттык-программалык тутумдарын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жана Финансы көзөмөл агенттигинин маалымат системалары менен интеграциялоого милдеттүү болот. Натыйжада алардын бардык каржылык операциялары мамлекетке көрүнүп турат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости