www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Январь окуяларын" чагылдырып жүрүп, дайынсыз жоголгон журналист Махамбет Абжан табылды. Журналист 20-январда “Азаттыктын” кабарчысына эки апта бою башка шаарда жашырынып жүргөнүн, азыр аман-эсен, эркиндикте экенин айтты.
Абжандын билдиришинче, полиция аны “коргонууга укугу бар күбө” катары чакырган. Ал бул кылмыш иши боюнча маалымат бербөө тууралуу документке кол койгон.
4-январда Нур-Султан шаарындагы нааразылык акциясын чагылдырган Махамбет Абжан соцтармактардагы баракчасына 5-январга караган түнү үйүнө полиция кызматкерлери келгенин, ал эшикти ачпай койгондон кийин алар жарык менен интернетти өчүрүп салышканын жазган. 5-январда Махамбет Абжан жашаган үйгө барган "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары анын батиринин кире беришинде үч полиция кызматкери турганын көрүшкөн. Алар Абжандын батириндеги ызы-чууга даттанган тургундардын кыйрылуусу менен келгенин айтышкан. Бирок журналисттин коңшулары ызы-чуу полиция келгенден кийин гана башталганын билдиришкен.
6-январда журналист үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган. 12-январда полиция Абжанды кармабаганын кабарлаган. Казакстан ИИМи жума башында журналистке иш козголбогонун билдирген.
Булак: NazarNews.kg