www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Григорий Лепсти концерттик жай менен камсыздай турган Makao Luxury Village Resort компаниясы 19-июнда концерттин уюштуруучулары менен келишимди бир тараптуу бузуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Бул тууралуу компания Инстаграмдагы баракчасында билдирди.

"Эртең менен активист Канат Турдалиев экөөбүз бул маселе боюнча Алматы облусунун жетекчилигине жолугуп, кырдаалды курчутпоо үчүн элдин талабын аткарууга чакырдык. Концерт болбойт, Лепс келбейт", - деди Алматы маслихатынын депутаты Еркин Ракишев.

Концерт быйыл июль айында Алматы облусунун Конаев шаарында өтмөк.

Казакстанда соцтармактардын колдонуучулар Украинадагы согушту колдогон орусиялык артисттин өлкөгө келишине нааразылыгын билдиришкен. Григорий Лепстин Конаевде пландалган концерти тууралуу кабар Лепс менен Николай Басков Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн танктарын талкалаган ар бир адамга бир миллион рубль сыйлык жарыялаган учурга туш келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости