www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Маңгыстоо облусунда мунай кенинде иштеген жумушчулардын нааразылык акциясы уланып жатканына 18-декабрда туура бир апта болду. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчылары жеринен маалымдагандай, West Oil мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу иш таштап, топтолуп турган жерге полиция кызматкерлери көбүрөөк тартыла баштады.

Акция өтүп жаткан Жетибай айылынын Маданият үйүнө полициянын атайын багыттагы кызматкерлери жайгаштырылды.

11-декабрдан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан жумушчулар ишкананы «КазМунайГаз» компаниясынын курамына киргизүү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөө жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоо деген үч талап коюшкан.

Аймакта азыр жаан аралаш кар жаап, аба ырайы суук болуп турат. Жумушчулар ошого карабастан акциясын улантып, тарабай турушат жана алар менен жергиликтүү да, облустук же мамлекеттик да бийлик өкүлдөрүнөн, ишкана жетекчилигинен эч ким барып жолукпаганын, талаптарын укпаганын айтышты.

Казакстандын Энергетика министрлиги жана «КазМунайГаз» компаниясы жетибайлыктардын талаптарын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен. Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликтен саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости