www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстантын Мангыстау облусунун Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И. кармалды, ал рейдердик жол менен басып алуу жана ишкерлерден айрыкча ири өлчөмдө акча талап кылуу менен алектенген.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Казакстандын Мангистау облусу боюнча Экономикалык иликтөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле О.И. опузалоо жолу менен У.С. аттуу жарандын 760 миң долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстандын тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.
Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.И.ге Кыргызстандын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда.
Учурда О.И.нин башка Кыргызстандын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg