www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдаштырууга чакырган онлайн петиция миңдеген жаңы кол топтоду.

Салтанат Нукенованын өлүмүнөн кийин социалдык тармактарда аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү маселеси кайрадан көтөрүлүүдө. Укук коргоочулар фемицид жөнүндө айтыштып, буга чейин күйөөлөрүнүн колунан каза болгон казак аялдарын эскеришүүдө.

2021-жылдын февраль айында Otinish.kz сайтында жарыяланган петицияда 2019-жылдан бери Казакстанда педофилия, сексуалдык зордук-зомбулук жана баңги заттарын сатуу боюнча жоопкерчилик күчөтүлгөнү, бирок аялдарга жана балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча президенттин көрсөтмөсү “укук коргоо органдарынан колдоо таппаганы” айтылат.

Шейшемби күнү онлайн петицияга 40 миңге жакын колдонуучу кол койгон. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 60 миңден ашат.

11-ноябрда Астананын тергөө соту Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевди эки айга камакка алган. Аткаминер жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп шектелүүдө. 31 жаштагы аял ур-токмоктон каза болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости