www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов аталган шаарда кармалган төрт кыргызстандык жаран 11-январда бошотулаарын маалымдады. Алардын саламаттыгы жайында экенин, тек-жайы такталганын билдирди. Ага ылайык, казак бийлиги тополоңго шек санап 1990-жылкы Закир Юбуров, 1991-жылкы А.Хуров, 1987-жылкы И.Мачо жана 2001-жылкы А.Джиншанлону камаганы белгилүү болду.
Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов 10-январда бошотулуп, ошол эле күнү Бишкекке кайтып келген. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда
Кыргызстандын беш жараны кармалганын билдирген жана расмий Бишкек казак тарапка нота жөнөткөн.
Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.
Булак:NazarNews.kg