www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жамбыл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Арманбек Баймурзин соцтармактардагы видеодон улам жумуштан алынды. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин соцтармактарда Баймырзиндин катышуусундагы видео пайда болгон.

Кадрларда жетекчи кол алдындагыларга сөгүнгөн сөздөрдү колдонуп,  кайрылат.

Казакстандын ИИМ басма сөз кызматы Арманбек Баймурзинди убактылуу кызматынан четтетилди деп билдирди.

"Ички иштер министринин тапшырмасы менен Жамбыл облустук ички иштер департаментинин башчысы катышкан видео боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Аймакка ИИМдин кадр саясаты департаментинин башчысы жана өздүк коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жөнөтүлдү. Кызматтык иликтөө жүрүп жаткан учурда облустук ЖКК башчысы А.Баймурзин ээлеген кызматынан бошотулду", - деп билдиришти Казакстан ИИМинин басма сөз кызматынан.

 Көңүл буруңуз, видеодо уят сөздөр бар!

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости