www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда кыргызстандыкты сабаган деп шектелген казакстандык бокс боюнча мурунку дүйнө чемпиону Бейбут Шуменовдун иши боюнча – бир нече полиция кызматкерлери жазаланды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында Астананын райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана участкалык инспектор кызматынан четтетилди. Райондук администрация башчысына сөгүш жарыяланып, ыкчам нөөмөтчүгө жана участкалык улук инспекторго эскертүүлөр берилди.
Эске салсак, окуя 18-июнда балдар аянтчасы бар мекемеде болгон. Жаңжал учурунда кыргызстандыктын колунда баласы болгон. Алар ишти жаап-жашырууга аракет кылып, райондук милиция кызматкерине карата тергөө иштери башталган. Окуя социалдык тармактарга жарыялангандан дээрлик бир ай өткөндөн кийин белгилүү болду. Ал эми Шуменов издөөгө алынган.
Булак: NazarNews.kg