www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин карындашы Анипа Назарбаевага таандык компания өлкөдөгү эң ири салык карызы барлардын тизмесине кирди. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы жазды.

Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматына ылайык, компаниянын бюджет алдындагы салык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карызы 92 миллиард теңгеден ашкан.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январына карата «GROUP OF THE COMPANIES TDA» ЖЧКсынын бюджетке болгон карызы 92 миллиард 307 миллион 598 миң теңгени түзгөн. Бул тууралуу басылманын расмий сурамына берилген жоопто айтылган.

Комитеттин маалыматына караганда, аталган компания өзүн банкрот деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Учурда бул иш сот тарабынан каралып жатат.

Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы Нурсултан Назарбаевдин жээни Болат Назарбаевдин уулу Нурбол Назарбаевге таандык мүлк текшерилип жатканын маалымдаган эле. 

Последние новости