www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Мажилисинин төрагасы, башкаруучу "Аманат" партиясынын башчысы Ерлан Кошанов өлкө президентине премьер-министрлик кызматка Олжас Бектеновдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Учурдагы мыйзамдарга ылайык, мамлекет башчысы сунушталып жаткан талапкерди мажилистеги фракциялардын лидерлери менен талкуулайт", — деп айтылат Акорданын билдирүүсүндө.

Бүгүн мажилистин жалпы жыйынында Токаевдин катышуусунда өкмөт башчынын талапкерлиги каралат. Бектеновдун талапкерлиги жактырылса, өкмөттү түзүү иштери башталат.

Күн мурун Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган - премьер-министрдин милдетин аткаруу убактылуу түрө вице-премьер-министр Роман Склярга жүктөлгөн.

43 жаштагы Олжас Бектенов өткөн жылдын апрелинен бери президенттик аппаратты жетектеп келген. Ага чейин ал Казакстандын Коррупцияга каршы агенттигинин төрагасы болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости