www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-февралда Караганды шаарында тез жардам кызматынын айдоочусунун денесине залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды Бул тууралуу  Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Окуя 27-январда болгон. Тергөө учурунда ал жашырынып, издөөгө алынган.

Учурда Нурболат Дакебаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Казак полициясы Дакебаев Караганды шаарынан 200 чакырым алыстыктагы кыштоолордун биринен табылганын кабарлады.

Ага тагылган беренеге ылайык, эң жогорку жаза үч жылга чейин эркинен ажыратуу болуп саналат.

36 жаштагы Нурболат Дакебаев тез жардам унаасынын айдоочусу менен урушуп, андан соң аны бир нече жолу бет талаштыра чаап салган учурду фельдшер видеого тартып алган. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, кол салган адамга айдоочунун унааны токтоткону жакпай калган.

Кол салуу түн ортосунда болгон. Дарыгерлер тобу дене табы көтөрүлүп, кызамык оорусуна шектелген баланы көрүүгө келишкен.

Тез жардам унаасынын айдоочусу неврология бөлүмүнө жаткырылган, анын баш мээси чайкалып, мурду, кабыргалары сынып, көзү шишиген.

Тез жардам айдоочуларына кол салуу фактылары Казакстанда буга чейин да болгон. 2018-жылы Алматыда катталган окуя коомчулукта кызуу талкууланган. Кол салган адам Түркиянын жараны экени аныкталган. Иш тараптардын жарашуусу менен аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости