www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда акыркы бир жыл ичинде орус армиясынын катарында Украинадагы согушка катышкан жарандарга каршы 700 кылмыш иши козголду.

Соттор “Вагнер” жеке аскерине жалданган жана Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн жарандарга бирдей өкүм чыгарышат.
Муну менен катар, Кыргызстан жана Өзбекстан да жарандарын чет өлкөлүк согушка катышканы үчүн текшерип, кылмыш ишин козгоп келет.

Мисалы, “Хочу жить” долбоору 687 кыргызстандык согушка жалданганы же катышканы тууралуу маалымат жарыялаган, алардын 181и набыт болгон. Өзбекстанда 2022-жылдан бери 338 кылмыш иши козголгону белгиленди, ал эми октябрда 2 715 киши Украинадагы согушка катышканы аныкталган.

Украинанын аймагына Орусиянын толук басып кирген 2022-жылдын февралынан бери жүздөгөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар каза болду.

Последние новости