www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдын башталышы менен Казакстандагы оппозициялык чөйрөлөр Астананын Вашингтон менен жакындашуусун активдүү талкуулай баштады. Буга АКШнын Казакстандагы элчиси Жули Стаффттын видео кайрылуусу түрткү болду. Анда ал АКШ менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты ар кыл тармактарда өнүктүрүү ниети бар экенин билдирген.

Маалыматтарга караганда, жаңы элчинин негизги багыттарынын бири катары Казакстанда Орусиянын экономикалык таасирин азайтуу жана АКШнын позициясын күчөтүү болуп эсептелери айтылды. Айрыкча сейрек кездешүүчү жер металдары тармагында тыгыз байланш түзүүгө артыкчылык берилет. 

Стаффт буга чейин АКШ Сенатындагы угууда Казакстан уран өндүрүүдө дүйнөлүк лидер экенин, ири мунай экспорттоочу жана стратегиялык мааниге ээ минералдарга бай өлкө экенин баса белгилеген.

Эксперттер АКШ компаниялары менен мунай же сейрек металлдар боюнча келишимдерде пикир келишпестиктер жаралса, Венесуэладагыдай кырдаал кайталанбайбы деген суроо коюп жатышат.

Алардын баамында, эгер АКШ сейрек жер металдарынын кендерин көзөмөлгө алса, ресурстар экспортко кетип, Казакстанда жогорку технологиялык өндүрүш өнүкпөй калышы мүмкүн.

Адистердин пикиринде, Казакстандагы негизги геологиялык чалгындоо иштери совет мезгилинде жүргүзүлгөн. Ал эми азыркы америкалык инвесторлор технологияларды бөлүшүүгө жана жергиликтүү кадрларды даярдоого кызыкдар болбойт деген кооптонуулар айтылууда.

Последние новости