www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы облусуна караштуу Конаев шаарынын административдик соту казакстандык журналист, “Не дейді” youtube-каналынын автору Думан Мухаметкаримди 15 суткага камоо жөнүндө токтом чыгарды.

12-октябрда сот аны “Тынч жыйындарды өткөрүү жөнүндө мыйзамды бузуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

"Алар [полициячылар] чакырык таштаганым үчүн деп айтып жатышат. Бирок 488-беренеде "чакырык" деген түшүнүк жок. Думан митинг болушу керек деп гана айткан. Бул жөн гана сунуш, орундалган иш-аракет эмес. Алар аны планы үчүн гана камап ташташты", - деди журналисттин адвокаты Галым Нурпеисов.

Ал соттун чечими менен макул эместигин билдирип, даттанууга ниеттенип жатканын айтты.

12-октябрь күнү күндүз Думан Мухаметкарим соцтармактарга анын үйүнө полициячылар келген учур тартылган видеону жайгаштырган. Журналист тартип сакчылары ал мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршы 25-октябрда митингге чыгуу планы жөнүндө айтканы үчүн келишкен болушу ыктымал экенин кабарлаган.

Думан Мухаметкарим Январь окуяларын жана ага байланыштуу өтүп жаткан сот жараяндарын активдүү түрдө чагылдырып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости